Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Батукаев боюнча комиссия эксперттик топтун чечимин угат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын өкүлү Жоомарт Сапарбаев кабарлады. Комиссия бир жума мурун кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Батукаевге коюлган диагноздун чын-төгүнүн аныктоо үчүн экcперттик топ түзгөн. Анын алдында Гематология борборунун айрым адистери Батукаевге коюлган дарттан күмөн санап жатканын билдирген эле.

9-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деп бошотуп жиберген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Парламент бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Өткөн аптада депутаттык комиссия бир катар жетекчилерди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Андан көп өтпөй эле вице-премьер-министр Шамил Атаханов кызматын өз эрки менен убактылуу тапшырган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG