Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Баткен: Чек ара жаңжалы боюнча үч кылмыш иши козголду


Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Азаттыктагы” маегинде Баткенде кыргыз-тажик чегинде турган Ак-Сай айылындагы жаңжал боюнча сегиз материал түшкөнүн, анын негизинде үч кылмыш иш козголгонун билдирди. Учурда беш адам ооруканада жатат. Кечээ эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолукту. Ага Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары баштаган топ келди. Сүйлөшүүлөрдө тараптар жолду ачуу, чыгымдарды эсептеп калыбына келтирүү тууралуу макулдашты.

27-апрелде Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай - Тамдык жолун куруу башталганда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Маалыматка караганда, ворухтуктар жол куруп жаткан тракторчуну сабаган. Мындан кийин Ак-Сайдын тургундары Ворух-Исфара жолун бууган. Эки тараптан эл чогулуп бири-бирине таш атышкан. Анда бир канча унаа жабыркап, сегиз адамга таш тийген. Тараптар бүгүн да жолугуп, жаңжалды жөнгөрүү, чыр-чатактардын алдын алуу маселелерин талкуулашат. (EBM)

XS
SM
MD
LG