Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Табалдиев: Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч


Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдирди. Кечээ Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Каххаров менен телефондон байланышып, 27-апрелдеги окуяны талкуулаганын кошумчалады.

27-апрелде кыргыз тарап Тажикстандын Ворух айылын айланып өтчү Ак-Сай – Тамдык жолун кура баштаганда кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Маалыматка караганда, окуя ворухтуктар жол куруп жаткан тракторчуну сабагандан башталган. Кыргызстандыктар тарабынан мыйзам бузуу болгон эмес.

Кыргыз тараптан жабыркагандардын төртөө азыр ооруканада жатат, дагы сегизи жараат алган. Аксайлыктардын биринин сарайы өрттөлүп, бир тургундун жылкысын тажик тарапка айдап кетишкен. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG