Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Өкмөт: Баткенге бөлүнгөн акча өздөштүрүлө баштады


Баткен облусунун социалдык көйгөйлөрүн чечип, элдин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн бөлүнүп жаткан акча өздөштүрүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөн аптада кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга байланыштуу кеңешмеде айтты.

Өкмөт башчынын билдиргенине караганда, 2013-2014-жылга 371 миң сом каралган. Бул акчанын алгачкы траншына Чарбак айылына фельдшердик-акушердик пункт, Таян айылына чек ара тозотун куруу, аталган эки айылга суу өткөрүү жана "Айгүл-Таш - Согмент - Чарбак - Таян" унаа жолун салуу иштери аткарылды. Чек арага зым тосула баштады.

27-апрелде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактагы Ак-Сай айылында чек ара чатагы чыгып, 12 кыргызстандык жараат алган, биринин сарайы өрттөлгөн. Унаа да жабыркап, бир тургундун жылкысын тажик тарапка айдап кетишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG