Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Атамбаев: Чек ара чатагын чечүүдө кызматташтык маанилүү


Чек ара чатагын чечүүдө тараптар ортосунда биримдик жана кызматташтык маанилүү.

Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бишкекте жыйынга чогулган ШКУнун Коопсуздук кеңеш катчылары менен жолугушууда айтты.

Аймактагы өлкөлөр биргелешип гана жалпы коопсуздукту камсыздап, ыктымал чыр-чатактарды алдын алып, аларды тез жана натыйжалуу чече алаарын мезгил көрсөтүүдө. Буга Ак-Сай жана Ворух анклавынын ортосунда орун алган окуянын чечилиши ачык мисал боло алат. Бул чатактын тез чечилишине Тажикстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Каххаров менен Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин биргелешип иштегени себеп болду”, - деди Атамбаев.

27-апрелдеги окуяда Тажикстандын Ворух айылынын жанында жайгашкан Кыргызстандын Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, алардын төртөө азыр ооруканада. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG