Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Кой-Таш: Мас мушташтан жараат алган сержант ооруканада көз жумду


Чүйдүн Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан Азамат Керимбаев бүгүн эртең менен көз жумду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Коргоо министрлигинин тарбия иштер башкармалыгынын башчысы Эрнис Эламанов ушу тапта окуяны жеринен териштирип жүрөт.

Окуя өткөн түнү болгон. Алдын ала маалымат боюнча, контракттык бөлүмдөгү 35 жаштагы сержант Азамат Керимбаев менен 21 жаштагы ефрейтор Мейманбек уулу Данияр аскердик бөлүктүн жанында жайгашкан үйлөрдүн бирине кирип арак ичкен. Экөө уруша кетип, ефрейтор сержантты катуу сабап салган. Башынан оор жараат алган сержант Керимбаев Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, эсине келе албай көз жумган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG