Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

ШКУ 2014-жылга даярданууда


ШКУнун Тажикстандагы аскердик машыгуусу, 9-январь, 2012.
ШКУнун Тажикстандагы аскердик машыгуусу, 9-январь, 2012.

2014-жылы Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылгандан кийинки аймактагы коопсуздукка ШКУ биргелешип кам көргөнү жатат.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттерде чек ара боюнча чечилбеген маселе болбош керек. Бул тууралуу 29-апрелде Бишкекте өткөн ШКУнун коопсуздук кеңешинин катчыларын кабыл алган кезде президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

ШКУнун коопсуздук кеңешинин катчылары 29-апрелде Бишкекте жолугушуп, аймактагы коопсуздук, диний экстремизм, уюшма жана кибер кылмыштуулук маселелерин талкуулады.

Уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларын кабыл алган кезде президент Алмазбек Атамбаев биргелешкен аракеттер гана аймактагы ыктымал коркунучтарды алдын алууга жана чечүүгө өбөлгө болорун белгиледи:

- Аймактагы өлкөлөр биргелешип гана жалпы коопсуздукту камсыздап, ыктымал чыр-чатактардын алдын-алып, аларды тез жана натыйжалуу чече аларын убакыт көрсөтүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ак-Сай айылы менен Ворух анклавында ишемби күнү орун алган окуяны чечүү буга ачык мисал боло алат. Бул чатактын тез чечилишине Тажикстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Каххаров менен Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин биргелешип иштегени болду. Каххаров окуя болгон учурда Бишкекте жүргөн. Биргелешип жасалган бул иштер менен бардык маселелер чечилери далилденип жатат.

Чек аралаш өлкөлөрдүн ортосундагы делимитация жана демаркация иштеринин ылдам жүрүшүн кааларын айткан Атамбаев келечекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда чек ара тилкелери толук такталып бүтүшү керектигин кошумчалады.

Ал эми уюмдун баш катчысы Дмитрий Мезенцевдин айтымында, Ак-Сай - Ворухта болгон чек ара чатактары сыяктуу окуялар эки мамлекеттин ортосундагы иш жана аларга аралашуу ШКУнун ыйгарым укугуна кирбейт. Мезенцев Бишкекте коопсуздук кеңешинин катчылары талкуулап жаткан маселелерди атады.

- Бүгүн каралып жаткан маселелер өзгөчө маанилүү. Алар эл аралык терроризмге, маңзаттарды, курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана чек ара аймактарындагы уюшма кылмыштуулукка каршы күрөштөгү алга карай кадам болуп калмакчы.

Кыргызстан быйыл аталган уюмга төрагалык кылууда. Ага ылайык, август же сентябрь айларында уюмдун мамлекет башчылары Бишкекте жолугушары күтүлүүдө. 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта Бишкек саммитиндеги башкы тема да коопсуздук маселеси болору айтылды.

Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев ШКУ 2014-жылга даярдык көрүп жатканын белгиледи:

- 2014-жылы коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийин Ооганстандан маңзаттарын ташуу, диний экстремизм жана башка кылмыштар күчөп кетеби деген коркунучтар бар. Ошондуктан ШКУга кирген мамлекеттер биригип, чараларды көрсөк, кийинки жылы Ооганстандан коалициялык аскерлер чыгып кеткенче бир топ даярдыктарды көрүп калабыз го деген ишеничтемин.

ШКУга Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Орусия, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан кирет. Мындан тышкары, Ооганстан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан уюмга байкоочу мүчө макамын алышкан.

XS
SM
MD
LG