Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:09

Ооганстанда жүк ташыган учак кыйрады


Кырсык борбор Кабулдан 60 чакырымдай түндүк тарапта болгон. НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлүнүн айтымында, жарандык жүк салган учак Баграм аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кыйрады.

НАТО капитаны Лука КарниельТалибандын учакты “биз атып түшүрдүк” деген маалыматын четке кагып, учак кыйраган кезде козголоңчулардын аракети байкалбаганын белгиледи.

Учак кыйроосунан канча адам жабыр тартканы тууралуу азырынча маалымат түшө элек. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG