Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Улуттар биримдиги боюнча концепция талкууланат


Бүгүн Бишкекте Улуттар биримдиги жана этностор аралык мамиле концепциясын ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын болот. Ага Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча агенттиктин Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги өкүлдөрү да катышмакчы.

Буга чейин аталган агенттиктин алдында ар кайсы улуттагы 25 адамдан турган Этностор аралык кеңеш түзүлгөн. Кеңеш жалпысынан 1990-2010-жылдардагы улуттар аралык жаңжал кайталанбашы үчүн бардык чараларды көрөрү айтылган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча абал тууралуу соңку баяндамасында Кыргызстанда улут аралык жагдай дагы эле оор деп белгиленген. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG