Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Путин менен Обама коопсуздук маселелерин талкуулады


АКШнын президенти Барак Обама Орусия жетекчиси Владимир Путин менен Бостон марафонундагы жардыруудан кийин коопсуздук маселелерин алдын алууну талкуулады. Эки өлкөнүн башчылары дүйшөмбүдө телефондон сүйлөшүп, атайын кызматтар аркылуу чогуу иштөөнү макулдашты. Обама Бостон марафонундагы жардырууга байланыштуу берген маалымат үчүн Орусияга ыраазычылык айтты. 2014-жылы Сочиде Олимп оюндарында коопсуздукту камсыздоодо биргелешип чара көрүү маанилүү болорун белгилешти.

Ошондой эле анда Сириядагы кырдаал тууралуу сөз болду. Обама Дамаск химиялык курал колдонушу ыктымалдыгына камтама билдирди. Ак үйдөн маалымдашкандай, тараптар бул маселени тышкы иштер министрлердин деңгээлинде да талкуулоону макулдашты. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG