Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

ТИМ: Прагадагы жарылууда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Чехиянын борбору Прага шаарындагы кечээ күнкү жарылуудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кечээ күндүз Прагадагы Улуттук театрга жакын имараттагы жарылуунун үнү бир чакырымга чейин угулуп, айланадагы имараттардын айнектери күбүлүп түшкөн. Полициянын айтымында, жарылууга үйдөгү күйүүчү газ себепкер болгон.

Соңку маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны 40тан ашат. Алардын төртөөнүн абалы өтө оор. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG