Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Европа соту Тимошенконун камакка алынышын мыйзамсыз деп тааныды


Бүгүн Страсбургда адам укуктары боюнча Европа соту Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко саясий себептерден улам камакка алынган жана камоо учурунда укуктары тебеленген деген тыянак чыгарды.

Тимошенко Орусия менен 2009-жылы газ боюнча келишимдерге кол коюуда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 2011-жылдын октябрь айында 7 жылга кесилген. Ал эми 2013-жылдын аянварь айында Тимошенкого Жогорку Раданын депутаты Евгений Шербанды өлтүргөнгө катышкан деген айып тагышкан.

Түрмөдө Тимошенконун ден соолугу бир кыйла начарлаган. Тимошенконун иши Украина менен Батыштын тирешүүсүн жаратып келет. Ошентсе да Европа сотунун чечимин украиналык бийлик аткарбай коюуга акылуу.

XS
SM
MD
LG