Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

“Свобода” үналгысынын директору Маша Гессен кызматтан кетти


«Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын орус кызматы - “Свободанын” директору Маша Гессен кызматтан кетти. Ал жети ай директор болуп иштеди. Гессен Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу китеп жазган, көптөгөн сыйлыктарга ээ жана адам укуктары боюнча активист катары белгилүү.

Маша Гессен өзү билдиргендей, директорлуктан кеткен соң ал жаңы китеп жазмакчы.

Маша Гессен 2012-жылы “Свободаны” реформалоо үчүн директор болуп дайындалган эле. Анын келиши менен жамааттын көпчүлүк бөлүгү жумуштан кетип, Орусиядагы медиа майданда ызы-чуу чыккан. Көптөгөн укук коргоочулар жана оппозиция лидерлери Маша Гессендин кадамдарын сындашкан.

XS
SM
MD
LG