Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Кыргызстан Кытай менен коопсуздук жаатта кызматташууга кызыкдар


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 30-апрелде Бишкекте Кытайдын коомдук коопсуздук министри менен жолугушууда билдирди. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, алака-катышты жакшыртууга үмүт артты.

Кытай министри өз кезегинде Кыргызстанда оң жылыштар болуп жатат деп баа берди. Шаңхай кызматташтык уюмунун коомдук коопсуздук катчыларынын Бишкек жыйынынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Уюмга мүчө мамлекеттердин кызматташуусу ийгиликтүү болуп жатканын, анда чоң натыйжа бар экенин белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG