Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:48

Обама Сириядагы химиялык курал боюнча бүтүм чыгарган жок


АКШнын президенти Барак Обама Вашингтон Сирияда козголоңчуларга жана жайкын тургундарга каршы химиялык курал колдонулду деген маалымат боюнча бир беткей бүтүм чыгарууга шашпай турганын билдирди. Вашингтондо маалымат жыйында качан, кандай жагдайда жаңжалдашкан тараптын кимиси химиялык курал колдонгону тууралуу суроолорго АКШнын так жообу жоктугун айтты. Ошентсе да Сириянын президенти Башар Асад мындай курал колдонгону аныкталса, АКШ тийиштүү чараларды көрөрүн эскертти.

Андан мурдараак Обама Дамаск химиялык курал колдонсо, дүйнөлүк коомчулук жөн карап турбайт деп билдирген. Ал арада Бириккен улуттар уюмундагы Сириянын өкүлү анын өкмөтү өз элине каршы эч качан химиялык курал колдонбойт деп ишендирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG