Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Баткендиктер: Чек араны тактап бергиле


Кыргыз-тажик чек арасындагы жол. Баткен, 28-апрель, 2013.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жол. Баткен, 28-апрель, 2013.

Чек арадагы айылдардын калкы бийликтен чек ара тилкелерин тезинен тактап берүүнү талап кылууда.

Кыргыз-тажик чегинде турган Ак-Сай айылындагы жаңжалды иликтөө үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссия мүчөлөрү Баткенде эл менен жолугушууларды өткөрдү.

Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух, Чорку айылдарынын ортосундагы 27-апрелдеги жаңжалдан кийин абал турукташканы менен жергиликтүү калк маселени биротоло чечип берүүнү талап кылышууда. Аймактагылар бийлик качан тирешүүлөр пайда болгон учурда чуркабай, мындай көрүнүштүн алдын алууга басым жасоосу зарылдыгын белгилешет. Эки өлкөнүн чек арадагы калкы тирешкен учурда абалды колдон чыгарбай, жаңжалды токтотуп калуу үчүн айылдардагы күч кызматтары жетишсиз болуп, райборбордон кошумча күч тартууга туура келген учурлар да бар.

Чыр чыккан Ак-Сай айылында айдоо жерлери тартыш, жол, суу, жумушсуздук, саламаттык сактоо да калктын негизги көйгөйлөрү. Айылдын тургуну Таалай Ибраимов бирок эл бийликтен бул маселелерди чечүүнү эмес, болгону чек араны тактап берүүнү талап кылууда:

- Мына көрүп жатабыз, бийлик чыр-чатактарды кантип алдын алганын. Качан эки эл бири-бирине жетип, мушташ чыкканда гана баарыбыз ошол жерге чуркап жетип барабыз. Биздин эл канчалык кыйналып жатса да бийликтен социалдык көйгөйлөрдү чечип бергиле деп кайрылган жок. Эң алгач - чек араны тактап бергиле деп жатабыз.

Мындай чыр-чатактуу жагдайларда кошуна өлкө жарандары Кыргызстандын айылдарына бастырып кирип, үй-мүлктү талкалап, а түгүл адамдарды да барымталап кеткен учурлар болот. Биздин чек арачылардын бардык айылдарды кайтарууга дайыма эле чамасы жете бербейт.

Ушундай абалдан чыгуу үчүн соңку окуяда көбүрөөк жабыркаган Жийделик (Масейиттин жери) деген кыштакчага да эми чек ара тозоту ачылмай болду. Ушундай эле чек ара бөлүкчөсү Чарбактагы жаңжалдан кийин Таян айылына да курула баштаган.

Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов мындан ары ушундай чакан айылдарды кайтарууга да маани берилээрин айтат:

- Масейиттин жери кичинекей чакан айыл экен, мындан тышкары Арык асты деген жерде да 5-6 үйлүү жарандарыбыз бар экен. Эми ар бир айылга чек ара постун койгонго кажет жок. Эл өзү да сунуш кылып жатат, ушул Орто-Боз деген жерге бир чек ара постун койобуз. Бул жакын арада эле ишке ашат. Алты кожолук болсо да биздин эл да.

Бул жаңжалдан кийин кыргыз-тажик бийликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тажик тарап чыгымдарды калыбына келтирүүнү моюнга алган. Бирок канткен менен жергиликтүү калк талап кылып жаткан чек ара тактоо иштери али-бери аягына чыкчудай эмес.

Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров эл менен жолугушууда чек ара тактоо иштеринин созулушуна Тажикстан тарап кызыкдар болуп жатканын кыйытты:

- Мына Таш-Тумшук айылынын да картасы турат. Карап отурсак биздин өзүбүздүн үч анклав пайда болуптур, кошуналар жерди ээлеп ала берип. Мына эми аз калыптыр эки айыл кошулуп кетишине. Ошол жерди кошуп алышса бүттү, анан аларды чыгара албай убара тартабыз. Кошуналар чек ара такталышын атайын созгонунун себеби - ушинтип ээлеп ала беришсе, акырында ким жашап жатса ошол жерден чек араны бөлөбүз деп ойлоп жатса керек.

Чек арадагы соңку чатак боюнча Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилиги 4-май күнү жолугушуу белгилешкен. Анда чек арадагы абал талкууланмакчы.

Азыр Ак-Сайдагы чатак жөнгө салынганы менен бул жаңжалга себеп болгон Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай – Тамдык жолун курууну улантуу маселеси чечилбеген бойдон турат. 27-апрелдеги чатак дал ушул жолду курууга тажик тараптын кыршылыгынан улам тутанган эле. Аксайлыктар болсо бийликтен бул жолду курууну улантууну талап кылып, ал үчүн облустук бийликке 15-майга чейин убакыт чектеген.

XS
SM
MD
LG