Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Ооганстанда окуучу кыздар ууланды


Билим берүү министрлигинин билдиргенине караганда, баш калаа Кабулдун мектебинен ууланды деген шек менен ооруканага 20дай окуучу кыз түшкөн.

Бирок ысымын Амин деп атаган дарыгер Рейтердин кабарчысына ооруканага 120дай окуучу кабыл алынганын, алардын 10нун абалы оордугун билдирди.

Дарыгерлердин пикиринде, кыздар бир нерсени ичкенден улам да ууланышы мүмкүн.

Кабулдагы Разия Султан жогорку мектебинин мугалимдеринин бири окуучу кыздар класстык бөлмөлөрдөн газ өңдөнгөн бир нерсенин жыты чыккандан кийин ооруп калышканын айткан.

Ооганстанда буга чейин ашынган динчилдер менен эскичилдер кыздардын билим алышына ачык каршы чыккан учурлар болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG