Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Kазакстандык эки студентке Бостондогу жардырууга байланыштуу айып коюлду


Жохар Царнаев казак студенттер менен. Сүрөт Диас Кадырбаевдин "В Контакте" интернет түйүнүндөгү баракчасынан алынган.
Жохар Царнаев казак студенттер менен. Сүрөт Диас Кадырбаевдин "В Контакте" интернет түйүнүндөгү баракчасынан алынган.
15-апрелде Бостондо болгон кош жардыруудан үч адам өлүп, 260тан ашуун киши жаракат алган эле. Буга чейин жардырууну жасаган деп шектелген Тамерлан Царнаев полиция менен атышуудан каза тапкан.

Шаршембиде жардырууга байланыштуу дагы үч адамга айып коюлду. Алардын экөө Казакстандан. 19 жаштагы студенттер Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяков Жохар Царнаевдин АКШда коллежде бирге окуган достору. Алар сот адилеттигине тоскоолдук кылуу үчүн кутумга барган деп айыпталууда. Ал эми үчүнчү адам - АКШнын жараны Робел Филлипос тергөөчүлөргө жалган маалымат берген деп күнөөлөнүүдө.

Кабарларга караганда, Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяков Жохар Царнаевдин компьютери менен рюкзагын жок кылууга аракеттенген.

Жохар Царнаев 19-апрелде Бостондо бир күнгө созулган операция учурунда колго түшкөн. Ал полиция менен атышуу маалында алган жараатынан азыр түрмөнүн ооруканасында дарыланып, көрсөтмө берүүдө.

Кармалгандарга федералдык айып тагуу үчүн сотко шаршембиде алынып келинээрин казакстандыктардын адвокаты Линда Кристелло ырастады. (UE)

XS
SM
MD
LG