Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Ошто манасчылар сынагы өтөт


Ош мэриясы "Манас" айтууга кызыккандардын арасында сынак жарыялады. Ага 3 жаштан жогору курактагы бардык каалоочулар катыша алат.Талапкерлердин улутуна жана жарандыгына чектөө жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар бийлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сынакка дасыккан манасчылар катышпайт, алар калыстык милдетти гана аткарышат. 17-18-май күндөрү Оштогу Алымбек датка улуттук-этнографиялык эс алуу борборунда өтүүчү иш-чарага мэрия 300 000 сом бөлдү. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG