Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Журналист "Ата-Журттун" тарапкерине карата арызданды


"Супер-инфо" медиапорталынын кабарчысы Ширин Жумадылова "Ата-Журт" партиясынын соттолуп жаткан лидерлеринин тарапкери болгон айымга карата милицияга арызданды.

Кабарчы кыздын айтымында, окуя сот залында болгон. Сотко келген бир аял аны отурган жеринен күчтөп тургузуп, колундагы техникасын тарткылап, ордуна отуруп алган. Ошондуктан ал дароо милицияга арыз жазган. Арыздын негизинде милиционерлер Жанат аттуу аялдан түшүнүк кат жаздырып алган, бирок ал аял жазган катына кол коюудан баш тарткан.

Учурда окуя ызы-чуунун коштоосунда жеринен териштирилип жатат.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн "Ата-Журттун" лидерлеринин райондук сот чыгарган өкүмүнө карата апелляциялык арызы каралат.

Сот имаратынын ичинде да, сыртында да камактагы депутаттардын тарапкерлери турат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG