Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Пара алган сот алты жылга эркинен ажырады


Жогорку Сотто Токтогул райондук сотунда иштеген судья Жунусмамат Эгембердиев пара алганы далилденип, ал алты жылга кесилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Эгембердиев былтыр февралда камакка алынган.

Өлкөнүн Судьялар кеңеши аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун былтыр 30-январда берген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы Эгембердиевди "15 миң сом пара алды, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деп айыптаган.

Жогорку Соттун чечими акыркы болуп эсептелет. (RK)

XS
SM
MD
LG