Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Князев Кыргызстанга кире албай калды


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы орусиялык саясат таануучу Александр Князевдин Кыргызстанга кирүүсүнө 29-апрелден тарта тыюу салды. Бирок мунун себептерин атайын кызмат ачыктаган жок.

Журналист жана саясат таануучу Александр Князев 1-майда Казакстандан кайтып келатканда кыргыз-казак “Ак-Жол” өткөрмө бекетинен Кыргызстанга өтүүгө тыюу салынганы тууралуу документ алган. Ал жеке сапардан үй-бүлөсүнө кайтып келатканын "Азаттыкка" билдирди.

- Бул менин кесиптик ишмердигиме байланыштуу деп ойлойм. Мен Кыргызстандагы саясий окуялардын көбүн, анын ичинде улут аралык мамилелерди катуу сындап келем. Мисалы, үч жыл мурда 2010-жылдагы июнь окуяларынын себептерин иликтеген комиссиянын курамынан ошондогу убактылуу өкмөт улутчулдукту калкалагандыгы үчүн күнөөлүү деп чыгып кеткем. Ошондуктан бул мени жазалоо аракети же саясий эксперт катары ишмердүүлүгүмө болгон кыргыз бийлигинин реакциясы деп эсептейм.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы орусиялык саясат таануучу Александр Князевдин Кыргызстанга кирүүсүнө 29-апрелден тарта тыюу салынганын тастыктаган маалымат таратып, бирок анын себептерин ачыктаган жок. Тек гана өз себептери бар экенин билдирген.

Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов да “бул укук коргоо органдарынын тапшырмасы” деген жооп менен чектелди.

Ал эми президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев Князевдин жогору жактан тапшырма болгон деген билдирүүсүнө жооп катары буларды билдирди:

- Биздин эч кандай тиешебиз болгон эмес. Андай буйрук берип да көргөн эмеспиз, бербейбиз дагы. Мен өзүм дагы бул маалыматты интернеттен окудум.

Князев бул окуя боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылды. Элчиликтин маалымат катчысы Виктор Харченко Князевдин арызын алышканын, бул дыкат иликтенээрин “Азаттыкка” билдирди.

- Биз бул окуяга комментарий бербейбиз. Биз буга байланыштуу бардык жагдайларды дыкат карап чыгабыз. Арызда көрсөтүлгөн бардык суроолорду карап чыгыш керек.

Александр Князев кыргыз жеринде өсүп-чоңойгон. Ал 1992-жылдан бери Орусиянын жараны экени интернет булактарында жазылган. Ал эми туруктуу жашаган жери Казакстан менен Кыргызстан болгон. Өзү Орусиянын жаңы паспортун 2011-жылы алгандыгын “Азаттыкка” ырастады.
Бул мени жазалоо аракети, же саясий эксперт катары ишмердүүлүгүмө болгон кыргыз бийлигинин реакциясы деп эсептейм.
Александр Князев

Буга чейин Князевдин Камбар-Ата ГЭСтерин курууда Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстандан уруксат алышы керек деген билдирүүсүнө байланыштуу кыргыз коомчулугунда анын дарегине бир топ токонаалат сөздөр айтылган. Жакында эле бир катар коомдук ишмерлер Князев Кыргызстанды атайылап жамандап, эл аралык беделине доо кетирип жатат деп сындап чыгышкан. Князевди Бишкекте 2007-жылы жана 2009-жылы белгисиз бирөөлөр сабап кеткен.

Кыргызстандык саясат таануучу Марс Сариев кесиптешинин киргизилбей жатышына карата мындай пикирде:

- Князевди Кыргызстанга киргизбей койгондо эле коопсуздук жакшы болуп калат деген туура эмес. Ушундай эксперттер эң негативдүү варианттарды айтканы үчүн көп талкуу жаралып, айрым маселелер чечилип келген. Бул абал Князевдин эле имиджин көтөрөт.

Кыргызстандын мурдагы бийликтери тушунда укук коргоочуларга тыюу салган фактылар болгон. Мисалы, 2009-жылы тажикстандык укук коргоочу Нигина Бахриева “Манас” аэропортунан мекенине кайтарылган. Ушул эле жылы Ноокат окуясы боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борборунун өкүлү Виталий Пономарев да "Манастан" бери өткөрүлгөн эмес. Ал эми дагы бир укук коргоочу Бахром Хамроев Ошто жүргөн жеринен Москвага депортацияланган.

XS
SM
MD
LG