Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Депутаттар соту: Сот кеңешүүгө кетти


"Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчү боюнча чечимин сот кеңешүүдөн кийин угузат. Учурда бул ишти карап жаткан шаардык соттун судьялары ич-ара кеңешүүгө кеткенин кабарчыбыз айтууда.

Адвокаттар үч депутаттын жана Ташиевдин үч жансакчысынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотууну өтүнгөн.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 29-мартта депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду бир жарым жылга, Талант Мамытовду жана Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Алар былтыр октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган болчу.

Бирок соттолуучу тарап райондук соттун өкүмү негизсиз деп апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG