Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:30

Президент Кумтөрдө тектин жылышын текшерүүнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Кумтөр кенинде темир аралашпаган тек (порода) катмарынын жылышы боюнча жагдайды талкуулады. Анда окуяны жеринен териштирүү үчүн Кумтөргө атайын өкмөттүк комиссия жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Комиссия чукул арада тектин жылышынын экологияга жана өнөр-жай коопсуздугуна тийгизген кесепетин аныктап, аны чечүү тууралуу сунуш даярдамакчы.

Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Атамбаев кенди иштеткен Centerra Gold компаниясынын жооптуу кызматкерлеринин буга байланыштуу аракеттерине да тиешелүү баа берилиши керектигин эскертти. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG