Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Обама экономика боюнча эки маанилүү дайындоо жасады


АКШнын президенти Барак Обама экономикалык тобуна эки адамды кошууга ниеттенүүдө. Пенни Притцкер – "Хаят" мейманкалар тармагынын мураскору жана шайлоодо Обаманын белгилүү каражат жыйноочусу - коммерция департаментин башкарууга сунушталды. Бул кызмат 2012-жылдын июнь айынан тарта бош турат. Аны мурда Жон Брайсон жетектеп, ден соолугуна байланыштуу кеткен.

Обама менен юридикалык университетте чогуу окуган Майкл Фроман АКШнын кийинки соода өкүлү болууга сунушталды. Фроман февралда кетчү Рон Фромандын ордуна келмекчи. Фроман буга чейин Обаманын эл аралык-экономикалык кеңешчиси болгон. Эгерде эки талапкер сенат тарабынан жактырылса, Обаманын экинчи президенттик мөөнөтүндөгү кабинети толук куралат. Обама сунуштаган эки адамдын талапкерлигин бейшемби күнү сенат карайт.

XS
SM
MD
LG