Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Чаткалда чиновник пара менен кармалды


Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Өнүктүрүү фондунун жетекчиси милицияга 70 миң сом өлчөмдөгү пара берип жатканда колго түштү. Андан мурдарак ал башкы бухгалтер менен жең ичинен сүйлөшүп алып 240 миңдей сомду кымырып алганы белгилүү болгон. Бул фактыны ачыкка чыгарбоо үчүн милицияга пара сунуштаган.

Учурда кылмышка шектүү адам камакка алынып, иш козголду. (EBM)

XS
SM
MD
LG