Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Бишкекте кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Се Ханшэн менен жолукту. Жолугушуу Бишкекте өттү. Анда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды. Тараптар Ош менен Гуанчжоу шаарларында эки өлкөнүн башкы консулдук мекемелери ачылганы жакшы болгонун баса белгилешти.

Ошондой эле Кытайдын жетекчиси Си Цзинпиндин Бишкекте өтө турган мамлекеттик сапарында каралуучу маселелер талкууланды. Кытай лидери Бишкекке быйыл күзүндө Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн келет. (RK)
XS
SM
MD
LG