Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Freedom House мамлекеттик символдорду коргоо демилгесине камтама болууда


Freedom House эл аралык уюму Кыргызстанда мамлекеттик символдорду мазактагандарды жазалоо боюнча парламентте талкууланып жаткан мыйзам долбоорго карата камтама болуп жатат. Буга байланыштуу тараткан бүгүнкү билдирүүсүндө Freedom House аталган мыйзам долбоору кабыл алынса түрдүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

"Бул мыйзамдын аткарылышы тынчсыздандырат. Баары анын чечмеленишине жана саясатка жараша болот. Анын үстүнө, өлкөдө көз каранды эмес сот системасы жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Депутат Исмаил Исаковдун демилгеси менен жазылган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо Кыргызстандын мамлекеттик символдору делген гимн, тууну жана гербди мазактаган киши 10 миң сомго чейинки айыпка жыгылышы мүмкүн же бир жылга эркинен ажырайт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG