Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Өкмөттүк комиссия Кумтөргө барды


Кумтөр алтын кени чыккан жерге өкмөттүк комиссия барды. Комиссиянын катарында мекеме жетекчилери, депутаттар жана экология, тоо-кен тармагы боюнча көз каранды эмес эксперттер бар.

2-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөт менен Кумтөр кениндеги металл аралашпаган тектин катмарынын жылышына байланыштуу жагдайды талкуулап, атайын комиссия жөнөтүү тууралуу тапшырма берген.

Атайын комиссия тез арада кен иштетүүчү жердеги жагдайды изилдеп, түзүлгөн кырдаалдын экологиялык жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген таасирин аныктап, тиешелүү сунуштарын бериши керек.Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчы комиссия ошону менен бирге тектин жылышына байланыштуу Кумтөрдү иштетип жаткан инвестор Centerra Gold компаниясынын менеджментинин аракеттерине да баа берүүгө тийиш экендигин белгилеген. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG