Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Бангладештеги кырсыктан өлгөндөрдүн саны 500дөн ашты


Бангладеште өткөн аптадагы кырсыктан каза тапкандардын саны 500дөн ашты. Дагы 100дөй киши дайынсыз жоголууда.

24-апрелде Савар деген шаарда кийим тигүүчү фабрика жайгашкан 8 кабаттуу имарат ураган. Ошол маалда ишканада 3 миңдей жумушчу бар болчу. Кийим тигүү өнөр-жайы Бангладештин экспортунун 80 процентин түзөт. Буга чейин да тармакта бир нече кырсык болуп келген. Бир катар дүйнөлүк таанымал фирмалар, анын ичинде Италиянын "Бенеттон" маркасы, алардын айрым продукциясы ураган фабрикада тигилгенин билдирди. Ошол эле маалда жумушчулар айына болгону 40 долларга жетпеген акча алышчу.

XS
SM
MD
LG