Чүйдө абада кырсыкка учураган учак эл жашабаган ээн жерге түшкөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облус губернаторунун орун басары Туратбек Жунушалиев билдирди. Жергиликтүү тургундар арасында жабыркагандар жок экенин айтты. Ушул эле маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов да тасыктады. (RK)