Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Кулаган учак менен байланыш саат экиден өткөндө үзүлгөн


Абадан кулаган учак менен байланыш бүгүн түштөн кийинки саат экиден өткөндө үзүлгөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Унаа жана байланыш министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Кылычбек Досумбетов билдирди:

- "Манас" Транзит жүк ташуу борборунан май ташуучу учак саат экилерде учуп чыккан. Бирок Кара-Балта тарапка келгенде аны менен байланыш үзүлгөн.

Бүгүн түштөн кийин Чүйдүн кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар айылынан 10 чакырым түштүк тарапта учуп бараткан учак кулап түштү. Алдын ала маалымат боюнча ал "Манастагы" Транзит жүк ташуу борборунун май ташуучу учагы болчу. Бирок аталган борбор муну азырынча тастыктай элек. (RK/BkA)

XS
SM
MD
LG