Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Пакистанда белгилүү прокурорду атып кетишти


Исламабадда Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун өлүмүн тергеген прокурорду атып кетишти. Полициянын билдиришинче, Чаудхри Зулфикарды эртең менен сотко машинеде бараткан кезде куралчан адамдар атып өлтүргөн. Кол салуудан жолоочу аял курман болуп, Чаудхринин күзөтчүсү жараат алганы да маалымдалды.

Исламабаддык адвокат Навид Хандын айтышынча:

- Бул өтө трагедиялуу окуя. Себеби, сот жүрүп жаткан жана бул сотко тоскоолдук кылуунун аракети болду. Мен муну өтө трагедиялуу окуя деп атайм.

Беназир Бхутто 2007-жылы шайлоо өнөктүгү кездеги кол салуудан өлгөн. Сот мурдакы аскерий режимдин башчысы Первез Мушаррафты Бхуттонун коопсуздугуна жетиштүү көңүл бөлбөдү деп айыптаган. Улуттар уюмунун 2010-жылкы билдирүүсүндө Беназир Бхуттого кол салуунун алдын алса болмок деп айтылат.

Чаудхри Зулфикар 2008-жылкы Мумбайдагы террордук чабуулга тиешеси бар деп айыпталган Лашкар-е Тайба уюмунун бир нече мүчөсүнүн ишин да тергеп жаткан. Мумбайдагы чабуулда 166 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG