Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Чүйдө АКШ учагы кырсыкка учурады


Чүйдүн Чалдыбар айылына жакын жерде "Боинг-707" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак жерге кулап түштү. Кырсыкка кабылган учак “Манас" аба майданындагы транзиттик борборго таандык экени жана анда үч учкуч болгону тастыкталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов буга чейин “Азаттыкка” кырсыкка кабылган “Боинг 707” үлгүсүндөгү учак, Чүйдүн Панфилов районундагы Чорголу жана Чолок-Арык айылдарынын ортосундагы эл жашабаган ээн жерге кулаганын билдирген. Маалыматка ылайык, учак бүгүн түштөн кийин “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуу борборунан учуп чыккан. Саат эки жарым ченде аны менен байланыш үзүлгөн:

- Бүгүн саат 15.45тер чамасында Панфилов районундагы Чорголу жана Чолок-Арык айылдарынын ортосундагы аймакта “Боинг-707” үлгүсүндөгү учак кырсыкка учураган. Азырынча учактын ичинде 5 учкуч болгон деген маалымат айтылып жатат. Бул маалымат такталууга тийиш.

Бирок ушундан көп өтпөй эле окуя болгон жерге барган өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов алдын ала иликтөөгө ылайык, учакта үч адам болгонун маалымдады. Министрдин айтымында, учак асмандан эле жарылып, беш-алтыга бөлүнүп, жерге түшкөн:

- Учакта үч учкуч болгон экен. Алардын кайда экени белгисиз болуп жатат. Учак жарылган учурда учкучтар анын ичинде болушу мүмкүн деген божомол айтылууда. Эгер ал чын болсо учкучтардын аман-эсен калышы күмөн. Анткени учак төрт-беш бөлүккө бөлүнүп кетиптир, негизги бөлүгү экиге ажырап, эки коктуга түшүптүр. Учурда аларды издеп жатабыз. Учактын “кара жашиги” да табыла элек.

Авиакырсыкка кабылган учак АКШ транзиттик жүк ташуу борборуна таандык экени, окуя болгондон 4-5 саат өткөндөн кийин расмий түрдө тастыкталды. Борбордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Акбийке Бейшебаева “Азаттыкка” кабарлагандай, учурда кырсыктын себеби иликтенип жатат:

- Бүгүн АКШнын аскер-аба күчтөрүнө таандык КС-131 май куюуучу учагы Кыргызстандын түндүгүндө кыйроого учурады. Учактын экипажынын дайыны азырынча белгисиз. Учурда борбордун ыкчам тобу жеринде кырсыктын себептерин иликтеп жатат.

Маалыматтарга ылайык, кырсыкка кабылган учак Ооганстанды көздөй бараткан. Анда 60 тоннага жакын керосин болгон.

Учурда окуя болгон жерде өрт өчүргүчтөр, куткаруучулар жана медиктердин ыкчам топтору иштеп жатат. Ал жерде жүргөн Панфилов районунун акиминин орун басары Канат Давлетовдун айтымында, кырсыкка кабылган учак толугу менен күйүп кеткен:

- Биз келгенде учактын акыркы бөлүктөрү күйүп бүттү. Айрым маалыматтар боюнча учак жерге түшкөнгө чейин, андагы учкучтар чыгып кетүүгө үлгүргөн. Муну мал кайтарып жүргөн чабандар да көрүптүр. Учурда куткаруучулар учкучтарды издеп жүрүшөт. Бирок малчылар айткан жерлерде учактын калдыктары гана табылбаса, учкучтардан дайын жок. Ал эми жергиликтүү тургундардан жабыркагандар болгон эмес.

Кырсык боюнча премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев чукул жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгында, учактын кырсыкка кабылышын изилдөө боюнча атайын комиссия түзүлдү.

“Манас” аба майданындагы АКШ аскер базасы 2001-жылы Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшкө жардам берүү максатында ачылган. Андан соң 2009-жылы макамы өзгөртүлүп, транзиттик жүк ташуучу борбор аталып калган. Коалициялык күчтөрдүн Ооганстанга учкан учактарынын 30 пайызына ушул борбордон май куюлат.

Ошондой эле бул борбор аркылуу бир айда 11 миллион фунт жүк ташылып, бир күндө 2 миңдей аскер келип, кетет. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылы келишим соңуна чыккандан кийин борбор жабылышы керек деген пикирин билдирген.
Учак кырсыкка учурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG