Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Оштун мыкты мугалими аныкталды


Ошто мыкты мугалим деп Тимур Аюпов табылды. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. “2013-жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы” деп аталган сынактын финалына 5 мугалим жана 4 тарбиячы катышкан.

"Жыйынтыгында “Олимп” мектебинин тарых мугалими Тимур Аюпов “жылдын мыкты мугалими” деп табылды. “Мыкты тарбиячы” деп №25 балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлчехра Шатманбекова аныкталган”, - деп кабарлайт Ош шаардык билим берүү мекемесинин адиси Гүлмира Осекова.

Сынакка жалпысынан 26 киши катышкан. Жеңүүчүлөр республикалык конкурстарга жолдомо алып, атайын сыйлыктарга ээ болду. (ErN/RK).

XS
SM
MD
LG