Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Чүйдө кыйраган учакта үч учкуч болгон


Бул тууралуу кырсык болгон жерге барган “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунун аскер атташеси билдирди. Анын айтымында, учак бүгүн түштөн кийин борборунан учуп чыккан. Анда 60 тоннага жакын авиакеросин болгон.

Кырсыкка учураган учак асманда эле жарылып, жерге үч-төрт бөлүккө бөлүнүп түшкөн. Жерге түшкөн учактын калдыктары толугу менен күйүп кетти. Учкучтар тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок. Буга чейин окуя болгон жакта малын жайып жүргөн чабандар учак кулап келатканда анын ичиндеги учкуч чыгып кетүүгө, башка жерге түшкөнгө үлгүргөнүн айтышкан. Бирок куткаруучулар учактын калдыктарынан башка эч нерсе табышкан эмес.

Окуя болгон жерде учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баш болгон куткаруучу, дарыгерлер жана өрт өчүргүчтөрдүн ыкчам топтору иштеп жатышат.

Бүгүн түштөн кийин Чүйдүн кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар айылынан 10 чакырым түштүк тарапта учуп бараткан учак кулап түштү. Алдын ала маалымат боюнча ал "Манастагы" Транзит жүк ташуу борборунун май ташуучу учагы болчу. Кырсык боюнча өкмөттүк атайын комиссия түзүлүп, анын себептери иликтенип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG