Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

АКШ транзит борбору учагынын кырсыкка учураганын тастыктады


Бүгүн Чүйдөгү Чалдыбар айылына жакын жерде кулаган “Боинг 707” үлгүсүндөгү учак “Манас” аба майданындагы АКШ транзиттик борборуна таандык болгон. Мындай маалыматты аталган борбордон расмий түрдө тастыкташты. Борбордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Акжибек Бейшебаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат. Учакта үч учкуч болгон, алардын өлүү-тирүүсү белгисиз бойдон калууда.

Учурда окуя болгон жерде жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, кырсыкка учураган учак асманда эле жарылып, жерге үч-төрт бөлүккө бөлүнүп түшкөн:

-Учак жарылган учурда учкучтар анын ичинде болушу мүмкүн. Ушундай версия чындыкка жакын болуп жатат. Бирок учурда аларды издеп жатабыз. Учактын “кара жашиги” да табыла элек.

Бүгүн түштөн кийин Чүйдүн кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар айылынан 10 чакырым түштүк тарапта учуп бараткан учак кулап түштү. Алдын ала маалымат боюнча ал "Манастагы" транзиттик жүк ташуу борборунун май ташуучу учагы болчу. Кырсык боюнча өкмөттүк атайын комиссия түзүлүп, анын себептери иликтенип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG