Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

Атамбаев Жогорку Кеңеште ишеним кат аркылуу добуш берүүгө каршы


Президент Алмазбек Атамбаев "Жогорку Кеңештин регламентин өзгөртүү тууралуу" мыйзамга каршы пикирин билдирди. Ага ылайык, депутат өзүнүн добуш берүү укугун ишеним кат аркылуу башка бирөөгө берүү өлкөнүн Конституциясына каршы келет жана парламентке болгон коомчулук ишенимин кетириши мүмкүн.

“Мыйзам боюнча, жарандар өз өкүлдөрүн Жогорку Кеңешке шайлоого укугу бар, ошондуктан депутаттар алардын атынан мыйзам чыгаруу функциясын аткарат. Добуш берүү укугунун башкага берилиши шайлоочулардын эрк билдирүүсүнүн жетиштүү түрдө сакталбагандыгы жөнүндө айтууга негиз болот. Ошондой эле сунушталган өзгөртүүлөр эл шайлаган адамдардын парламенттин жыйналыштарына катышуусуна түрткү бербейт, анын кесепетинен депутаттардын негизги мыйзам чыгаруу ишин аткарышын жакшыртуучу шарт түзүлбөйт”, - деп айтылат каршы пикирде. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG