Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 15:17

Ошто мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды


Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз курал алып жүргөн жаранды кармашты. Ноокат районунун 44 жаштагы тургунун Макаров үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 3 ок менен Ош шаарында милиция кармаган. Башкармалыктын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдиргендей, кармалган адам куралды июнь калабасы учурунда бейтааныш эркек кишиден алганын айткан. Учурда ыкчам топ кармалган кишинин көрсөтмөсү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, июнь окуясында Ош шаарынан жалпысынан 52 курал элдин колуна өтүп кеткен. Анын ичинен 39у кайтарыла элек. Эл колуна өтүп кеткен куралдар Коргоо министрлигине, чек арачыларга жана милицияга таандык. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG