Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Тамерлан Царнаев октон көз жумган


АКШда Тамерлан Царнаевдин өлүмү боюнча расмий сертификат чыкты. Ага ылайык, Царнаев атылган октон, башына жана денесинин үстүнкү бөлүгүнө мокок бир нерседен алган жарааттан көз жумган. Бул маалыматтар жума күнү жарыяланды.

Андан бир күн мурун Бостондогу жардырууларды уюштурду деп шектелген Тамерлан Царнаевдин сөөгүн үй-бүлөсү сурап, Коомдук коопсуздук кызматынын Массачусетстеги департаментинин маалымат катчысы кабарлагандай, бейшемби күнү жерге берүүгө алып кетишти.

Тамерлан Царнаев 19-апрелде Бостондогу марафондо жардыруудан төрт саат өткөндөн кийин полиция менен атышуу убагында жан берген.

Тамерлан Царнаевдин иниси Жохар Царнаев 24 сааттан кийин кармалган. Эгер анын жардырууну уюштурууга катышы далилденсе, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ушул тапта Жохар Царнаев түрмөдөгү ооруканада дарыланууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG