Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Израил Сирияга абадан сокку урганын тастыктады


Израилдин бийлик өкүлдөрү ишемби күнү өлкөнүн аскер-аба күчтөрү Сирияга абадан сокку жасаганын тастыктап, анын максаты ливандык “Хезболла” кыймылы үчүн даярдалган реактивдүү снаряддарды жок кылуу экенин билдиришти. Израилдин расмий өкүлдөрү курал-жарак химиялык эмес экенин, бирок алар согушчандар үчүн маанилүү болгонун кошумчалашты.

Атын атабаган израилдик мамлекеттик кызматкер сокку жума күнү эртең менен жасалганын кабарлады, бирок кайсы жерде болгонун тактаган жок.

Израилдин премьер-министри Бенжамин Нетаняху буга чейин бир нече жолу Сирия аркылуу “Хезболла” кыймылына курал-жарактын жетишине бөгөт коюларын эскертип келген. (AiK)

XS
SM
MD
LG