Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Майлы-Сууда “Кылым шамынын” өкүлү сабалды


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” маалымдашынча, Жалал-Абаддагы Майлы-Суу шаарында аталган уюмдун өкүлү Бектурсун Алибековду 3-майдан 4-майга караган түнү бетин чүмбөттөгөн киши үйүнө келип, союл менен башка чаап кеткен. Абдирасулова өзү ошол шаарга жөнөп жатканын, бул окуя Алибековдун кызматтык ишине байланыштуу болушу мүмкүндүгүн айтып, 2011-жылы Майлы-Сууда уюшма кылмыш топ ушундай кол салууларды уюштурганын, ошондой топтордун колунан келиши ыктымалдыгын белгиледи.

Майлы-Суу шаардык ички иштер бөлүмдүн башчысы Заирбек Масиров "Азаттыкка" курган маегинде Алибековдун сабалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу ыктымал деген жоромолду четке какты. Анын айтымында, "Кылым шамынын" өкүлү укук коргоочулук ишмердүүлүк менен дээрлик алектенчү эмес. Учурда кылмышты иликтөө уланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG