Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Кыргызстандык православдар Пасханы белгилөөдө


Бүгүн Кыргызстандагы православдар да пасха майрамын белгилеп жатышат.
Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо жолдоп, майрам ынтымактын, тынчтыктын жана эркиндиктин идеясын алып жүрөрүн белгиледи.

Пасха христиан дининде Иса машаяктын (Иисус Христостун) тирилген күнү катары майрамдалат. Кыргызстанда 400 миңден ашуун славян тектүүлөрдүн басымдуу бөлүгү православ христиандары болуп саналат.

Пасха күнү православ христиандары чиркөөдө диний жөрөлгөлөрүн өткөрүп, бири-бирине бышырылган жумуртка белекке беришет. (AKu)

XS
SM
MD
LG