Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Кумтөр кениндеги кампалар көчүрүлүүдө


Бул тууралуу "Азаттыкка" геология жана жер ресурстары боюнча агенттиктин жетекчиси Ишимбай Чунуев кабарлады. Анын айтымында, борпоң тектин жылып жатканынан улам кен иштеткен компаниянын кампаларын, трансформаторду көчкү басып калуу коркунучу туулду. Ошондуктан аларды коопсуз жерлерге көчүрүү иштери жүрүүдө.

Чунуев билдиргендей, “Центерра Голд” компаниясы кампалар менен трансформаторду көчүрүүгө мурдатан эле даярдык көргөн. Эми көчүп кетүү коркунучу туулган соң көчүрүү иштерин баштап жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев 3-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Кумтөр кенинде темир аралашпаган тек (порода) катмарынын жылышы боюнча жагдайды талкуулаган болчу. Анда окуяны жеринен териштирүү үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүү чечими кабыл алынган. Комиссия чукул арада тектин жылышынын экологияга жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген кесепетин аныктап, маселени чечүү тууралуу сунуш даярдайт.(BkA)

XS
SM
MD
LG