Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Ворух анклавын айланып өтчү жолдун тагдыры чечиле элек


Баткендеги Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу боюнча 16-майда Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы жолугат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев кабарлады. Анын айтымында, жолугушууда Ак-Сай - Тамдык айланма жолунун курулушун жандандыруу маселеси талкууланат.

27-апрелде Тажикстандын Ворух айылын айланып өтчү Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушунан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Анда ворухтуктар бул жолдун курулушуна каршы чыгып, жолду куруп жаткандарга кол көтөрүшкөн. Бул окуядан Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, алардын төртөө азыр ооруканада. Бир унаа жабыркап, бир тургундун сарайы өрттөлгөн. Дагы бир аксайлыктын жылкысын коңшулар айдап кеткен. Окуя боюнча Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү кечирим сурап, чек ара чатагында жабыркаган кыргызстандыктардын чыгымдарын төлөп берүүгө макул болгон.(BkA\JsA)

XS
SM
MD
LG