Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Сирия Израилди илимий борборго чабуул жасады деп күнөөлөдү


Сириянын мамлекеттик телеканалы Израил Дамасктан алыс эмес жайгашкан аскердик илимий-изилдөө борборуна ракеталык сокку жасады деп маалымат берүүдө. Израил азырынча унучуга элек. Эгерде бул маалымат такталса, бул жакынкы күндөрү Израилдин Сирияга жасаган экинчи чабуулу болот. Кечээ Израил Сирияга абадан сокку урганын тастыктаган.

Израилдин бийлик өкүлдөрү ишемби күнү өлкөнүн аскер-аба күчтөрү Сирияга абадан сокку жасаганын тастыктап, анын максаты ливандык “Хезболла” кыймылы үчүн даярдалган реактивдүү снаряддарды жок кылуу экенин билдиришти. Израилдин расмий өкүлдөрү курал-жарак химиялык эмес экенин, бирок алар согушкерлер үчүн маанилүү болгонун кошумчалашты.

Атын атабаган израилдик мамлекеттик кызматкер сокку жума күнү эртең менен жасалганын кабарлады, бирок кайсы жерде болгонун тактаган жок.

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху буга чейин бир нече жолу Сирия аркылуу “Хезболла” кыймылына курал-жарактын жетишине бөгөт коюларын эскертип келген (AiK).

XS
SM
MD
LG