Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Бишкекте Казакстанга маңзат жөнөткөнү жаткан адам кармалды


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, атайын операциянын негизинде 3-майда батыш автобекетинде маңзат соодасына аралашкан деген шек менен шаардын 34 жаштагы тургуну кармалды. Анын баштыгынан 100 ширеңкенин кутусуна салынган маңзат чыккан. Эксперттер ал 2 килограммдан ашык гашиш (ооган чарсы ) экенин аныктаган. Кармалган адам бул маңзатты узак убактан бери досу менен бирге Ош базарынан сатып алып топтоп жүргөнүн, эми Казакстанга жөнөтүп жатканы тууралуу көрсөтмө берген. Учурда кылмыш иш козголуп, иликтөө, башка шериктерин аныктоо иштери башталды. (EBM)

XS
SM
MD
LG