Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Коргоо министрлиги коррупцияны ооздуктоо үчүн комиссия түздү


Коргоо министрлиги аталган күч түзүмүндөгү коррупцияны азайтуу үчүн атайын комиссия түздү. Ошондой эле паракорчулукту ооздуктоо боюнча 2013-2014-жылдарга белгиленген план даярдалды. Бул комиссия коррупция боюнча түшкөн арыздарды иликтеп каттоого алат, паракорчулукка каршы күрөш боюнча башка мамлекеттик мекеме-министрликтер жана жарандык коом менен кызматташат. Пландын аткарылышы боюнча ар квартал сайын отчет алынмакчы.

Коргоо министрлигинин билдиришинче, аскер комиссарларынын, материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмдөрүнүн ишинде, аскердик сатып алууларда жана тендер өткөрүүдө коррупция көп катталат. (EBM)

XS
SM
MD
LG