Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Глобалдык жол коопсуздугу жумалыгы башталды


Бүгүн Улуттар уюмунун (БУУ) экинчи Глобалдык жол коопсуздугу жумалыгы башталды. 6-12-май күндөрү өтчү жумалык жолоочуларга болгон коркунучка көңүл бурууга багытталат.

Жыл сайын жол кырсыгынан 1 250 миң адам өлсө, алардын төрттөн бири жаш балдар менен улгайган курактагылар. Жол коопсуздугу автомобиль жана мотоцикл тез көбөйүп бараткан жарды жана орто бай өлкөлөрдө өзгөчө начар. Анткени, бийлик жол коопсуздугун камсыздаганга үлгүрбөйт же жетерлик көңүл бурбайт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиришинче, жол коопсуздугун жакшыртуу адамдардын саламаттыгын коргоонун, абаны булгоону жана ызы-чууну азайтуунун маанилүү бөлүгү. Дүйнөлүк уюм улуттук өкмөттөрдү автомобилдердин ылдамдыгын чектөөгө, тротуарларды жана жөө адам өтчү атайын жолдорду курганга, арак ичип, унаа айдагандардын жоопкерчилигин күчөткөнгө үндөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG