Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Германияда "неонацист" аялдын соту башталды


Беата Чепе айымдын соту Германиянын Мюнхен шаарында башталды. 38 жаштагы Беате Чепе расалык жек көрүүчүлүктөн улам адамдарды өлтүргөн неонацисттик топтун мүчөсү деп шектелүүдө. Ал 2000-2007-жылдары сегиз түрктү, бир гректи жана бир немец полициячыны өлтүргөнгө катышкан, ошондой эле эки жардырууга жана 15 банкты уурдоого тиешеси бар деп да күнөөлөнүүдө. Чепеге көмөктөшкөн деп жашыруун “Улуттук социалисттик уюмдун” башка төрт мүчөсү да айыпталууда. Уюмдун эки мүчөсү 2011-жылы банкты уурдоо планы ишке ашпай калып, өз жанын өздөрү кыйган. Беате Чепенин айыбы тастыкталса, өмүр бою эркинен ажыратылат.

Сот өтүп жаткан имараттын сыртында расизмге каршы демонстрация өтүүдө.

XS
SM
MD
LG